Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Жапаров: Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна асты-үстү бетон тамдар салынат

Кагылышта талкаланган жайларды калыбына келтирүүгө 6-8 миллиард сом каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан талкаланган үйлөрдүн ордуна асты-үстү бетон тамдар салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
"Эл үйдүн дубалын сэндвич-панелдерден эмес кыштан тургузуп, астын дагы, үстүн дагы бетон менен куруп берүү тууралуу ойлорун айтышты эле. Биз ошого макул болдук, президент да колдоп берди. Азырынча убактылуу жашай турган жайларын чечип берип жатабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал жаңы курула турган 423 турак жайдын орду тазаланып бүткөнүн, кыш, арматура жана цемент заводдор менен келишимдер түзүлгөнүн белгиледи. Айылды атайын план менен куруу үчүн башкы подрядчы, субподрядчылар аныкталган.
"Биздин аракеттерибиз эл ичинде дагы ишеним жаратты. Башында жашабайбыз, коркуп жатабыз, бөлөк жактан жер бергиле деген жарандарыбыз эми чек араны жоокерлер менен бирге кайтарабыз деп патриоттук дем пайда болду. Эл биз менен кошо үйлөрдү салууга киришти. Башында кыш түшкөнгө чейин жаңы үйлөрүнө киргизүүгө аракет кылганбыз, бирок бир топ убакытты талап кылууда", — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусун калыбына келтирүүгө 6-8 миллиард сом каралганын кошумчалады.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткендеги кагылышта көз жумган тургундардын үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон берилет