Айдарбеков Байсаловдун сөзүнө намыстанып, комитет төрагалыгынан кетүүдөн баш тартты

Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетүүгө камынып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловдун сөзүнө намыстанып Эл аралык иштер комитетинин төрагалыгынан кетүүдөн баш тартты.
Белгилей кетсек, кечээ Байсалов Айдарбековду Кемпир-Абад боюнча комитеттин чечимине кол койбой популисттик кылып жатат деп сындаган.
Айдарбеков ал эл өкүлүнө одоно мамиле жасап жатканын белгилеп, муну мамлекеттик кызматкердин сабатсыздыгы катары сыпаттады.
"Сиздер менен акылдашып, "мамлекетибиз, элибиз үчүн талашпай тынч комитет төрагалыгынан кетейин" деген чечимге келгем. Бирок кечээ бир киши коомго кайрылып мени далилсиз айыптады. Адилетсиз жамандады, намыска тийди. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Калп сөз кара тумандай, чын сөз чыккан чынардай, бүт баары ачыкка чыгат. Дайындалган киши шайланган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот?" — деп нааразы болду депутат.
Ошондой эле ал кечээ президент Садыр Жапаров менен жолугуп пикир алмашканын, ал ар дайым диалогго даяр экенине күбө болгонун белгиледи.
"Бул чечим тарыхта калат, мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүнкү кошоматчылар — эртеңки саткындар. Мен дипломатиялык чөйрөдө 22 жыл эмгектендим, Өзбекстандагы элчиликте үч жыл иштедим. Маселени ичинен билем. Мамлекетке алып келген пайдам көп, бирок эч качан арзан пиар менен алектенген эмесмин. Бүт аракеттерим Жогорку Кеңештин аброюн көтөрүү үчүн жумшалган. Учурда комитет төрагалыгын тапшырышым керек деген сөз пайда болду. Баарын түшүнөм, жамаатыбызды бөлгүм келбейт. Арыз жазганга даярмын, бирок убакыт баарын көрсөтөт, ЖКда бүт баарын алаканга салгандай таза, ачык-айкын талкуулашыбыз керек. Чечимдерибиз элге пайда алып келип турсун", — деди Айдарбеков.
Аны менен катар эл өкүлү саясаттагы эң кооптуу нерсе кайдыгерлик экенин айтып, кандай чечим кабыл алынса да эл баасын берерин эскертти.
Депутат Ашимова Европа өлкөлөрүн Тажикстанга курал сатууга тыюу салууга чакырды