Радио

Айдаров: 5 жылга чейинки мөөнөткө кесилгендерге медиация сунушталууда

Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткарууну укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эрнис Айдаров абакка кесилгендерге медиаторлорду тартуу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Sputnik
Өтө оор эмес кылмыш жасаган, тагыраак айтканда, беш жылга чейин эркинен ажыратылган жарандарга жазасын өтөп жаткан учурда медиаторлорду тартуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Эрнис Айдаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоору учурда ведомстволор аралык макулдашууда турат.
"Медиация жөнүндө" деген мыйзам бар. Анда деле жарандар сотко кайрылганга чейин, соттук иштер жүрүп жатканда жана жазасын өтөп жүргөн маалда медиаторлорго кайрыла алышат. Бирок иш жүзүндө түрмөгө түшкөн соң көпчүлүгү медиация кызматынан пайдаланышпайт. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болду. Учурда сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык анча оор эмес кылмыш жасагандар же болбосо беш жылга чейин абакка кесилгендер медиаторлордун кызматынан пайдалана алат. Эгер абакта отурган адам менен жабырлануучу тарап медиатордун көмөгү менен бир пикирге келе алышса, анда кылмышкер жатак абагына которулат. Мыйзам долбоору ишке ашып калса анын механизмдери иштелип чыгат", — деди Айдаров.
Ал мыйзам долбоору өтсө, анда иш республикадагы медиация институттары менен жүрөрүн кошумчалады.