Радио

Усупбеков: Сокулуктун эли үчүн 1000 жумуш оруну бар

Сокулук районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Усупбеков иш жарманкесине бардык каалоочулар катышса болорун айтты.
Sputnik
Бүгүн, 18-октябрда, Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында эмгек жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Бактыбек Усупбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Сокулук районунун эли үчүн 1000 жумуш оруну бар.

"Бүгүн өтчү эмгек жарманкесине Сокулук районунун 15 мекемеси катышат. Анда аталган райондун жумушсуз жарандары үчүн 1000 жумуш ордун сунуштайбыз. Андан сырткары, мектеп окуучулары 60 суроодон түзүлгөн тестке жооп берип, өздөрүнүн кайсы кесипке шыгы бар экенин аныктай алат. Биздин кызматкерлер кантип ийгиликтүү жумушка орношсо болорун да айтып беришет. Кызыккандар бүгүн, 18-октябрда, саат 14:00дө Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясына келсе болот. Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык", — деди Усупбеков.

Ал 11-класстын окуучулары үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева келип, эмгек жолу, ийгилик сырлары менен бөлүшө турганын кошумчалады.