Россияда ЛГБТнын пропагандасы үчүн айып пулдун көлөмү канча болору айтылды

Россиялык депутаттардын адаттан тышкары багыттагы жыныстык мамилелерге тыюу салган мыйзам долбоору 27-октябрда каралганы турат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мамлекетик Думанын спикери Вячеслав Володин ЛГБТны пропаганда кылууга тыюу салган мыйзамды бузгандарга кандай жоопкерчилик караларынн айтты. Бул туурасында ал Telegram каналына жазды.
Төраганын билдиргенине караганда, депутаттар адаттан тышкары багыттагы жыныстык мамилелерге тыюу салган мыйзам долбоорун 27-октябрда карамай болушту.
"Келерки бейшембиде тиешелүү мыйзам долбоорун кароо чечими кабыл алынды. ЖМКларда, интернетте, кинодо, жарнамада төмөнкүлөр тыюу салынат: ЛГБТны, педофилияны пропагандалоо, ЛГБТны элге жар салып көрсөтүү жана жынысын алмаштырууну каалоосун ойготкон маалыматтар. Биз Россияны жана жарандарыбызды деградация жана тукум курут болуудан сакташыбыз керек. АКШ жана Европа мамлекеттери тарабынан каптаган караңгылыктан коргошубуз зарыл", — деп жазган парламентарий.
Анын айтымына караганда, ЛГБТ боюнча мыйзам долбоору ийгиликтүү кабыл алынса Россиянын аймагында айып пул салынат. Жеке тараптар 800 миң рублге, юридикалык тараптар 10 миллион рублге чейин айыпка жыгылат.
ЛГБТны Чеченстанда да коргоого чакырган Байденге Кадыров жооп берди