Чыгыш-5 районундагы мушташ өлүм менен аяктап, жети киши кармалды

Адам өмүрүн кыйган окуя Свердлов райондук ИИБге катталып, тергөө иштери башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы кафелердин биринде өткөн түнү мушташ болуп, эркек киши көз жумду. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
1 / 3

Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы кафелердин биринде өткөн түнү мушташ болуп, эркек киши көз жумду

2 / 3

Анын айтымында, милиция кызматкерлери беш аял, эки эркекти кармашкан

3 / 3

Колго түшүрүлгөндөрдүн кичүүсү 20 жашта болсо, улуусу 48де

Анын айтымында, милиция кызматкерлери беш аял, эки эркекти кармашкан. Колго түшүрүлгөндөрдүн кичүүсү 20 жашта болсо, улуусу 48де.
Шектүүлөр эркек кишинин өлүмүнүн алдында мушташ болгонун айтышкан. Башында каза тапкан адам барда отурган кыздардын бирине кол көтөргөн. Ал кыз жакындарын чакырып мушташ чыгып кетип, жыйынтыгында башында кызга кол көтөргөн киши көз жумган.
Адам өмүрүн кыйган окуя Свердлов райондук ИИБге катталып, тергөө иштери башталды.
Ошко барган Зулушев: мейманкананын алдында милиционерлер бир саат мушташты