БУУ Кыргызстан демилгелеген Тоолор кеңешмесинин документин расмий тааныды

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ушул жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешме болуп өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстан демилгелеген Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Анда айтылгандай, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ушул жылдын 19-сентябрында Нью-Йорк шаарында Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешме болуп өткөн.
"Бул иш-чара — эң маанилүү окуялардын бири. Кеңешменин жыйынтыгы менен Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобуна кирген мамлекеттер билдирүү кабыл алышты. Кыргызстандын өтүнүчү менен БУУнун Башкы ассамблеясы Тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги кеңешменин жыйынтыктоочу документин өзүнүн расмий документи деп жарыялады", — деп жазылат маалыматта.
БУУ Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылды "Эл аралык тоо жылы" деп жарыялайт