Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 2023-жылы 15 пайызга көбөйүшү ыктымал

Азыркы учурда пенсионерлер орточо 8 080 сомдон пенсия ала башташты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Учурда Соцфонддун бюджети бекитилип жатат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1,5 миллиард сомго (15 пайызга) көбөйтүү пландалууда. Ал эми базалык бөлүгүн бюджет бекитилгенден кийин айта алабыз", — деди ал.
Эске салсак, өлкөдө пенсия көбөйүп, базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча орточо өлчөмү 8 080 сомду түздү.
Кыргызстандагы эң жогорку сыйлык кимдерге ыйгарылган? Инфографика