Өзбекстандан алып келинген 50 автобус Ош шаардык мэриясына өткөрүлдү. Сүрөт

Ар бир автобустун баасы 37 миң долларды түзүп, 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ош шаарына Өзбекстандын "СамАвто" заводунун өндүрүшүнөн чыккан ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 автобус алып келинди. Транспорт каражаттары шаардык мэрияга өткөрүп берилгенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Ош шаарына Өзбекстандын "СамАвто" заводунун өндүрүшүнөн чыккан ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 автобус алып келинди

2 / 4

Транспорт каражаттары шаардык мэрияга өткөрүп берилгенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады

3 / 4

Мэриядан белгилешкендей, автобустардын баасы 37 миң доллардан бааланган

4 / 4

Ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан.

"Бул автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы менен ыңгайлуу болууда. Жаңы алып келинген автобустар шаардыктардын суроо талаптарын эске алуу менен эң керектүү болуп жаткан аймактарга, атайын комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде төрт муниципалдык каттамга бөлүштүрүлдү", — деди калаа башчысы Алмаз Мамбетов.
Мэриядан белгилешкендей, автобустардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан.
"Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылат. Ал үчүн шаардын Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктарына каттамдар иштелип чыкты. Жаңы коомдук транспортторго да BUS Service мобилдик тиркемеси орнотулуп, жүргүнчүлөр жол жүрүүсүн алдын ала пландоосуна шарт түзүлдү. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленди", — деп жазылат маалыматта.
Радио
Мамбетов: Самара шаарынан Ошко автобустарды алабыз