Коңур күз, алтын күз. Бишкектен тартылган он сүрөт

Коңур күз. Кыргызстандын борбору Бишкекте жаратылыш өзгөчө көркөм, өзгөчө сулуу болуп турган чагы. Түркүн түскө боелгон дарактарды аралай парктарда сейилдеп жүргөндөрдү көп кезиктирүүгө болот.
Sputnik
Бүгүн күздүн алгачкы жамгыры жаады. Анткен менен жаратылыштын бул керемет көрүнүшү, коңур күздүн бийлиги көпкө созулбайт. Айтмакчы, синоптиктер бир нече күн катары менен жамгыр жаарын эскертишти.
Төмөндө Sputnik Бишкектин борборунан тартылган алтын күздүн бир нече сүрөтүн сунуштайт.
1 / 10

2022-жылдын октябры. Күздү узатып отурган үй-бүлө.

2 / 10

Бут алдындагы саргарган жалбырактар. Табияттын керемет көрүнүшү.

3 / 10

Эркиндик бульвары азыр болуп көрбөгөндөй кооз болуп турган учуру

4 / 10

Сейил бакта сейилдеп жүргөн шаардыктар

5 / 10

Ар бир ирмемди баалай билүү да чоң искусство. Күздүн көз жоосун алган азыркы көрүнүшүн бир нече күндөн кийин таппай калабыз.

6 / 10

Өмүрдүн күзү... табияттын күзү

7 / 10

Бишкектин борборун көркүнө чыгарган гүлдөр

8 / 10

Кайдадыр ашыккан, шашылган шаардыктар

9 / 10

Күн эми акырындап сууктай баштайт

10 / 10

Бүгүн күздүн алгачкы жамгыры жаады