Радио

Тыналиев: учурда ар бир адам маалымат жаратуучу жана таратуучу боло алат

Медиасерепчи Мырзакат Тыналиев Кыргызстанда сунушталган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору азыркы замандын муктаждыгы экенин айтты.
Sputnik
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин тескөөчү учурдагы мыйзам 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп кабыл алган. Жаӊы эле эгемендүүлүктү алып, дагы деле совет менталитети кете элек болчу. Ал кезде ачык коом, демократия, сөз эркиндиги деген түшүнүктөр жаӊыдан кирип жаткан. Бул тууралуу Мырзакат Тыналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда ар бир адам маалымат жаратуучу жана таратуучу боло алат.
"Кыргызстанда сунушталган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору азыркы замандын муктаждыгы десек болот. Буга чейин мыйзам кабыл алынганда ЖМКнын радио, телеканал жана гезит деген гана салттуу үч эле түрү болгон. Азыр маалымат жаратуучу булактар жана ошол маалыматты таратуучу каражаттар абдан көбөйдү. Учурда ар бир адам маалымат жаратуучу жана таратуучу боло алат. Бул үчүн бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Айрым блогерлердин аудиториясы кээ бир ЖМК агенттиктеринен чоӊ. Андыктан замандын талабына жараша мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл деп эсептейм. Анан мыйзамда блогерлер менен социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын жалпыга маалымдоо каражаттары менен теңдештирүү каралууда. Дүйнө жүзүндө журналисттердин сөз эркиндиги сезимтал тема болуп келет. Азыр долбоор талкууда. Менимче, документти иштеп чыгуучулар дагы да тактап, карап чыгышы керек. Азырынча мыйзам чийки. Долбоор орус тилинде гана жазылган. Ошондуктан аны Россиядан көчүрүп алышканбы деген да шектенүү бар", — деди Тыналиев.
Ал азыркы документ 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келе жаткан сапаттуу, туруктуу, сөз эркиндигин бекемдөөгө салым кошкон мыйзам катары сыпатталарын кошумчалады.