Радио

Жээнбай уулу: аймактарда ишкерлик кылган кыз-келиндер көбөйдү

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу аймактардагы жаңыдан иш баштаган ишкер айымдарды колдоо программалары байма-бай уюштурулушу керектигин айтты.
Sputnik
Аймактарда ишкерлик менен алектенген кыз-келиндердин саны өсүп, көбү орто жана чакан бизнес кылышат. Бул тууралуу Аззамбек Жээнбай уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкер айымдар бизнесте туруктуулугу менен өзгөчөлөнөт.
"Бизде ассоциацияда өлкө боюнча 1 300дөн ашык ишкер катталган болсо, анын 32 пайызын аялдар түзөт. Былтыр бул көрсөткүч 28 пайыз болчу. Жыл сайын 19-ноябрда Айым-ишкерлер күнү белгиленип, алардын коомдогу орду, бизнес-чөйрөдөгү салымы аныкталат. Мындан тышкары, аялдар үчүн насаатчылык долбоорлору уюштурулуп, устат-шакирт форматында да иштер жүрүп келет. Бул өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат. Бизде "Ишкерлерди колдоо борборлору" иштеп, аялдар кеңеш алуу үчүн кайрылып турушат. Түрдүү гранттарды алып, ишканасын кеңейтип, жумушчулардын санын көбөйтүүгө жакшы аракеттер көрүлүүдө", — деди Жээнбай уулу.
Ошондой эле адис чакан жана орто бизнес үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу иши солгун экенин кошумчалады.