Депутат Ашимова Европа өлкөлөрүн Тажикстанга курал сатууга тыюу салууга чакырды

Сессиянын жыйынтыгында кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууну басууга чакырган жамааттык билдирүү кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Европа өлкөлөрүн Тажикстанга курал-жарак сатууга тыюу салууга чакырды.
Ашимова Франциянын Страсбург шаарында өткөн Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) сессиясына катышып, ал жыйында 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда 63 жаран набыт болуп, жай тургундар жабыр тартканын маалымдаган.

"Мурда алган куралдарын Кыргызстанга кол салуу үчүн колдонуп, көп сандаган курмандыктарга жана инфраструктуралардын талкаланышына алып келген тажик тарапка курал-жарак жана ок-дары сатууга жол берилбеши керек. Буга байланыштуу Тажикстанга эмбарго киргизүүгө чакырам", — деген Ашимова.

Ошондой эле эл өкүлү эл аралык коомчулукту Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине каршы Тажикстандын жасаган агрессиялык актысын айыптоого үндөгөн.
ЕКПАнын сессиясынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну басууга чакырган жамааттык билдирүү кабыл алынган. Ага Германия, Италия, Австрия, Бельгия, Испания, Швеция, Норвегия, Португалия, Румыния, Хорватия, Кипр, Словения жана Ирландиядан келген 25 депутат кол койгон.
Билдирүүдө ЕКПАнын депутаттары демократия боюнча өнөктөш катары жалпы баалуулуктарды карманыша турганын жана Тажикстанды Кыргызстандан үлгү алууга чакырары баса белгиленген.
Ошондой эле ЕККУнун Хельсинки корутунду актысында каралган милдеттерди аткаруу, анын ичинде ок атышууну токтотууну натыйжалуу ишке ашыруу, аймактык бүтүндүктү жана учурдагы чек аралардын кол тийбестигин сыйлоо, күч колдонуудан баш тартуу, жоготууларга жол бербөө жана тезирээк чыңалууну басаңдатуу зарылчылыгын эске салышкан.
Иманкулов: Жапаров Путинден кыргыз-тажик чек ара маселесин чечип берүүгө жардам сурады