13 жаштагы Байтур Абжалбеков кол күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду

Турнирге Кыргызстандан 30 спортчу катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандык 13 жаштагы Байтур Абжалбеков кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Кыргызстандык 13 жаштагы Байтур Абжалбеков кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту
Мелдеш Түркияда өтүп, Байтур өспүрүмдөр арасында 55 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашкан.
Кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 43-ирет өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 30 спортчу катышууда.
Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатынан күмүш байге утту