Жаштайынан ата-эненин милдетин мойнуна жүктөп алган баладан кандай адам чыгат

Адистин айтымында, мындай балдардан адатта өтө жоопкерчиликтүү, өзү теңдүүлөргө караганда чечкиндүү адамдар өсүп чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кичине кезинен тарта ата-энесинин милдетин өзүнө жүктөп алып, бөбөктөрүн баккан балдардын жашоосу кийин кандай болорун РИА Новости агенттигине берген маегинде психотерапевт Сергей Мартынов түшүндүрдү.
Адистин айтымында, мындай балдардан адатта өтө жоопкерчиликтүү, өзү теңдүүлөргө караганда чечкиндүү адамдар өсүп чыгат. Ошол эле учурда терс жактары дагы болбой койбойт.
"Булар өзүн дайыма экинчи орунга коюп, окуусунан, достордон же жеке жашоосунан аксап калышы мүмкүн. Экинчиден, бала кезден тарта мойнуна көтөргөн жүк жашоодон ырахат алууга тоскоол болот. Кийин ал өз жашоосун колго алгысы келген учурда жакындары менен дароо мамилеси бузулат. Анткени анын камкордугуна көнгөн бир туугандары анын мындай "эркиндигин" кабыл алгысы келбейт", — деди психотерапевт.
Сөзүнүн соңунда адис өз милдетин улуу балага оодара салып жүргөн ата-энелерге жакшылап ойлонуп көрүүнү сунуштаган.
Психолог адамдын көпчүлүк менен тил табыша албай кыйналган себебин айтты