19-октябрга карата аба ырайы

19-октябрга караган түнү өлкө аймагында жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жааса, тоолуу аймактардагы жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө +9...+14, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Нарын жергесинде +5...+10 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +11...+13 жана Ош калаасында +13...+15 градусту көрсөтөт.
Төө-Ашууга кар жаады. "Сосновкадан" кышкы дөңгөлөктүү унаалар гана өткөрүлүүдө