Кыргызстанда пенсионерлердин акчасы канчага көбөйтүлгөнү айтылды

Пенсия жарандардын стажына байланыштуу көбөйтүлгөн. Эмгек стажы ар бир кызматтыкы ар башкача болот.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1 780 сомдон 3 170 сомго чейин жогорулап, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомду түздү. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 33 пайызга же 1 988 сомго көп.
"Октябрь айында көбөйтүлгөн пенсияны өлкө боюнча 735 миң 900 адам алды. Бул үчүн 4 миллиард 424,3 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 миллиард 83 миллион сом, пенсиялык фонддун эсебинен 1 миллиард 341,3 миллион сом кошумча керектелди", — деди ал.
Ал пенсия жарандардын стажына байланыштуу көбөйтүлгөнүн белгилеп, эмгек стажы ар бир кызматтыкы ар башкача болорун кошумчалады.
Радио
Нусувалиев: карта менен жол кире арзаныраак боло турган мыйзам сунушталууда