Жаанчыл болот. Жалал-Абадда бир жумага карата аба ырайы

21-22-октябрда кайра күн ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Апта башында Жалал-Абаддын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерине кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-19-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жааса, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. 20-октябрда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. 21-22-октябрда кайра күн ачылары айтылды. Абанын температурасы 11...16 градус, 21-октябрдан кийин 21...23 градус жылуу болот.
Нарында кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы