Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кароо сынакты быйылкы жыл менен гана токтотуп койбостон, мындан ары жыл сайын өткөрүп туруу айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Калыстар тобунун чечими менен баш байгени Бакыт Акматов утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды.
1 / 4

Залкар төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата ырчы, дастанчы жана акындар арасында профессионал аткаруучулар үчүн өткөн сынак жыйынтыкталды.

2 / 4

Калыстар тобунун чечими менен баш байгени Бакыт Акматов утуп, 250 миң сом акчалай сыйлыкка татыды.

3 / 4

Ал эми 1-орунду Турдукан Сарбанова (160 миң сом) ээлесе, 2-орунга Калыбек Турганов (120 миң сом), 3-орунга Улукбек Токтоболот уулу (100 миң сом) татыган.

4 / 4

Жеңүүчүлөргө байгелерди Замирбек Үсөнбаев өзү жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, калыстар тобунун төрагасы, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү инсандар тапшырды.

Ал эми 1-орунду Турдукан Сарбанова (160 миң сом) ээлесе, 2-орунга Калыбек Турганов (120 миң сом), 3-орунга Улукбек Токтоболот уулу (100 миң сом) татыган. Андан тышкары, калган катышуучуларга кызыктыруучу акчалай сыйлык тапшырылды.
Жеңүүчүлөргө байгелерди Замирбек Үсөнбаев өзү жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, калыстар тобунун төрагасы, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү инсандар тапшырды.
Иш-чарада Максутов Замирбек Үсөнбаев атындагы кароо сынакты быйылкы жыл менен гана токтотуп койбостон, мындан ары жыл сайын өткөрүп турууну өз көзөмөлүнө аларын белгиледи.
Опера жана балет театры жаңы сезонун "Айчүрөк" операсы менен ачты. Сүрөт