Мирланбек ажы Токтомушев Оштун казысынын милдетин аткармай болду

Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Мирланбек ажы Токтомушев Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койгон. Аны муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев калаанын борбордук мечитинде казыят жамаатына жана шаар имамдарына тааныштырган.
Ал эми мурдагы казы Мурзакул кары Осмонов башка кызматка өткөн.
Токтомушев 2019-жылдан бери Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары болуп эмгектенип келгени маалым.
Азамат Арнабек уулу Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды