БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Элдияр Мадакимдин "Сальвадор Дали" фильми эл аралык кинофестивалда "Мыкты кыска метраждуу тасма" номинациясына татыды. Бул тууралуу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынан билдиришти.
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн IX эл аралык кинофестивалы Бириккен Араб Эмирлигинин Шаржа шаарында болгон. 2013-жылы түптөлгөн аталган иш-чаранын максаты — балдар менен жаштардын медиасабаттуулугун жогорулатып, алардын чыгармачылыгын өнүктүрүп, өспүрүмдөр жана жаштар жараткан мыкты тасмаларды көрсөтүү.
"Сальвадор Дали" тасмасы сүрөтчү болом деген, бийик тоолуу жерде чоң энесинин колунда өскөн баланын жашоосун баяндайт. Сюжет боюнча күн сайын кичинекей Орозбекке мектепке жетүү үчүн көп жерди жана дарыяны кечип өтүүгө туура келет. Кинодо башкы ролдорду Дамир Нурмаматов, Кеңеш Курманалиева, Аксулуу Токоева, Таалайкан Абазова жана Уланбек Султангазиев ойногон.
Фильм буга чейин да бир катар эл аралык кинофестивалдарга катышкан.