Садыр Жапаров көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөөнү тапшырды

Мамлекет башчы калктын жана экономика тармактарынын энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыктарын өз убагында канааттандыруу зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, өлкөнүн 2022-2023-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкө башчы өкмөттүн өкүлдөрүнөн маалымат алган соң калктын жана экономика тармактарынын энергетикалык ресурстарга болгон муктаждыктарын өз убагында канааттандыруу зарылдыгын белгиледи.
Кеңешмеде калкка жана мекемелерге көмүр жеткирүү маселеси да көтөрүлгөн.
"Садыр Жапаров жылытуу мезгилинде элге көмүрдү ашыкча кымбат сатууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү, кара алтынды темир жол аркылуу ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле президент алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгилеген.
Антимонополия "Дордой" базары тарапта сатылып жаткан көмүрдүн баасын арзандатты