Роза Отунбаева "Талибан"* өкүлдөрү менен жолукту

Сентябрдын башында Кыргызстандын экс-президенти БУУнун Афганистан боюнча иш алып барган жооптуу кызматтарына дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Роза Отунбаева "Талибан"* өкүлдөрү менен жолуккандыгын Sputnik Афганистан кабарлады.
Эске салсак, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп дайындалган.
16-сентябрда аталган миссиянын башчысы биринчи жолугуусун өткөрүп, Отунбаева Талибандын ТИМ башчысы Амир-Хано Муттаки менен жолуккан.
Анда төмөнкү суроолор талкууланган:
экономикалык кайра калыбына келтирүү боюнча иштердин келечеги, алардын ичинде талибдер бир катар шаарларда иштетип жаткан долбоорлор боюнча да айтылган;
гуманитардык жардамдар боюнча фондуларды жандандыруу, калыбына келтирүү;
билим берүү жана коопсуздук (Отунбаева талибдердин аракетин жогору баалаган);
наркотрафик жана күч түзүмүндөгүлөрдүн униформасын стандартташтыруу (талибдер өздөрүнүн аракетин жогору баалашкан);
Афганистандагы учурдагы абал туурасында ЖМКларда өзгөртүлгөн маалыматтар.
Бүгүн Отунбаеванын "Талибандын" премьер-министринин эки орун басарлары — Абдул-Салам Ханафи (экономикалык маселелер) жана Абдул-Кабир (саясий маселелер) менен жолукканы айтылды.
1 / 2

Бүгүн Отунбаеванын "Талибандын" премьер-министринин эки орун басарлары — Абдул-Салам Ханафи (экономикалык маселелер) жана Абдул-Кабир (саясий маселелер) менен жолукканы айтылды

2 / 2

Эске салсак, Отунбаева 2010-2011-жылдары Кыргызстандын президенти, үч жолу тышкы иштер министри, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 1991-жылы вице-премьер болуп эмгектенген

"Талибдерди БУУнун аталган кызматтары жана башка түзүмдөр менен эл кабылып жаткан көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн өз ара иштешүүгө чакырышты. Кыймыл конкреттүү бир нече өтүнүч кылган. Алар — апийимдин ордуна башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө көмөктөшүүнү, кыш жакындап келе жаткандыктан ага даярдык көрүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүнү суранышкан", — деп жазды Sputnik Афганистан.
Эске салсак, Отунбаева 2010-2011-жылдары Кыргызстандын президенти, үч жолу тышкы иштер министри, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 1991-жылы вице-премьер болуп эмгектенген.
* уюм террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясына тушуккан.
Путин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын талибдер* менен диалог түзүүгө чакырды