Радио

Аманбек Ажымат: "Жоокер" тасмасы Россияда 3-орунду алды

Режиссёр Аманбек Ажымат буга чейин "Жоокер" тасмасы Россия, Түркия жана Түштүк Кореядагы кинофестивалдарга катышканын айтты.
Sputnik
Бүткүл россиялык этнографиялык тасмалардын "Крым кадры" фестивалында "Жоокер" тасмасы 3-орунду алды. Бул тууралуу тасманын режиссёру Аманбек Ажымат Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, фестивалда 50дөй кино ат салышкан.
"Крым кадры" "Жоокер" тасмасы катышкан төртүнчү фестиваль болду. Буга чейин Түштүк Корея, Түркия жана Москвада өткөн "А" класстагы кинофестивалдарга катышкан. Бул ирет Россияда өткөн Бүткүл россиялык этнографиялык "Крым Кадры" фестивалында кыска метраждуу оюн тасмасы категориясында 3-орунга ээ болду. Ал жакта үч категорияда 50дөй кино катышты. Алдыда 1-7-ноябрда Москвада "Лучезарный Ангел" деп аталган фестивалга жолдомо алдык. Анын алкагында "Жоокер" тасмасы 5-ноябрда көрсөтүлөт", — деди режиссёр.
Ал кыргыз кинолорунун көпчүлүгү аз каражат менен тартылса да эл аралык фестивалдарда бюджети чоң тасмалар менен ат салышып келерин кошумчалады.