Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш Путиндин идеясынын популярдуулугу өсүп жатканын моюнга алды

Путин буга чейин батыштын үстөмдүк кылуу таасири солгундаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин идеясы батыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин жана калкынын колдоосуна татып жатат. Бул тууралуу The Washington Post жазганын РИА Новости билдирди.
"Өткөн айдын аягында анын (Владимир Путин — ред.) айткан сөздөрү демократиялык Кошмо Штаттардан тарта Европанын басымдуу бөлүгүнө чейин көпчүлүктү өзүнө тартып алды", — деп жазылат билдирүүдө.
30-сентябрда Путин Кремлде ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарындагы референдумдун жыйынтыгы боюнча сүйлөп жатып, Батыштын таасири солгундаганын, дүйнө өнүгүүнүн жаңы борбору түзүлүп жаткан революциялык трансформацияга ыктап жатканын билдирген. Путин Батыш жалган жана кош стандарттуулукка негизделген эрежелерин киргизүүдө артта калганын белгилеген. Батыштын эрежелери менен жашоого ким даяр болсо, аларды мазохисттер (таяктан ырахат алчулар) деп атаган.
Буга чейин Wiener Zeitung гезитинин баяндамачысы Герхард Лехнер Германия менен Австрияда Россияны жана анын президенти Владимир Путинди колдогондор өсүп жатканын жазган. Бул мамлекеттерде экономикалык санкциялардын кээрин тартып жаткандардын нааразычылыгы күчөгөн.
ЖМК: Байдендин Путиндин дарегине айткан сөзү америкалыктарды чочутту