БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Токмок шаарындагы мал базарда жылкы алганы келген карыянын 120 миң сомун уурдап кеткендер изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Эскерте кетсек, окуя кечээ болгон. Жамандыкка деп жылкы алганы келген киши акчасын уурдатып жибергенин байкабай калган. Карыянын кайгысына кайдыгер карабагандар ошол эле жерден 115 миң сом чогултуп беришкен. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, коомчулукта талкуу жараткан.
"Учурда карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат", — деп айтылат кабарда.
Кошумча маалымат берилет.