Абитуриенттер үчүн кышкы ЖРТ тапшыруу 24-ноябрда башталат

Быйылкы жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу жылына эки ирет жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тестирлөөгө жашаган жери боюнча каттоо 17-октябрдан 27сине чейин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт. Ага катышууга мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет. Кышкы ЖРТ окуу наркын төлөө келишими (контракт) менен гана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу жылына эки ирет жүргүзүлөт.
Пресс-борбор
Министрлик: жаңы директорлордун арасында мектепте иштеп көрбөгөндөр бар