БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкелери боюнча позициялары кандай экендигин Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Биринчи радиого" айтып берди.
"Өкмөттүк комиссиялардын сүйлөшүүлөрү учурунда тажик тарап 1924-1927-жылдардагы карталарды негиз кылып алып, ошону менен тактайбыз деп жатат. Биз "андай болбойт, макул эмеспиз. Ал кезде силер өз алдынча мамлекет эмес, Өзбекстандын автономиясындагы республика болгонсуңар" деп айттык. Эгер андай болсо, Тажикстан аймагынын 30 пайызын түзгөн Мургаб бизге берилсин дедик. Себеби ал кезде Мургаб Өзбек ССРине берилип, анын (Өзбекстандын курамында болгон – ред. ) курамына Тажик АССРи кирген. Тажик тарап буга да макул эмес", — деген Иманкулов.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымына караганда, тажик тарап картаны толук эмес, өзүнүн пайдасына колдонгусу келип жатат.
"Алар Баткен, Лейлек аймактарынын кээ бир жерлерине өздөрүнө гана пайдалуу боло тургандай картаны колдонуп, ал эми башка жерлерди 1991-жылга карап чек араны аныктагысы келип жатат. Тагыраагы, "мага пайдасы келе турган жерде бир карта менен, ал эми пайдасы жок болсо башка менен чечебиз" деген нерсе болуп жатат. Мындай кылбаш керек", — деген Иманкулов.
Иманкулов Тажикстан менен чек арадагы маселелерди Москванын көмөгү менен чечүүгө мүмкүн болоруна ишеним артты.