Футбол боюнча Азия кубогу 2023-жылы Катарда өтмөй болду

Коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу быйыл Кытай оюнду өткөрүүдөн баш тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Футбол боюнча Азия кубогу 2023-жылы Катарда өтөт. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын (AFC) расмий сайтында жарыяланды.
Континенталдык чемпионат быйыл 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтмөк, бирок өлкө бийлиги коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу өткөрүүдөн баш тарткан. Алдыдагы кубок өтчү күн азырынча маалымдала элек.
Катар улуттук командасы Азия кубогунун учурдагы жеңүүчүсү болуп саналат. Бул мамлекет ушуну менен турнирди үчүнчү ирет кабыл алып жатат, буга чейин 1988 жана 2011-жылдары өткөргөн.
Ошондой эле быйыл 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты болот.
Кыргызстан менен Россиянын футболчулары эми Москвада күч сынашары пландалууда