Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун үй салынып кеткен жери кайтарылды

Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мыйзамсыз берилип кеткен 23 миллион 270 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура кабарлады.
Тергөө учурунда Бишкектин Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары иш абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган борборго таандык жер тилкелерин турак жай куруу үчүн менчикке берип жибергени аныкталган.
"Тергөө учурунда жер алгандардын менчик укугу жокко чыгарылып, мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгып кеткен кыймылсүз мүлк кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланып жатат.
Менчикке чыгарабыз деп пара алган. Бакиевдин мүлкү боюнча бир нече сотко иш козголду