БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованы тилдеди.
Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы орто билим берүүнү өнүктүрүүгө караган гранты боюнча келишимди ратификациялоо Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде каралды.
Депутат Таалайбек кызы келишимде эгер Кыргызстан 12 жылдык окууга өтпөсө, гранттын экинчи траншы которулбай турганын айтып нааразы болду.
"Сиз өзүңүз гранттык макулдашууну жакшылап окусаңыз, эмне бул жерде отуруп алып көз көрүнөө алдап жатасыз. STEM, IT-системаларына эч ким каршы эмес, биз билим берүү үчүн күрөшүп баарын колдоп келебиз. Келиңиз, анда экинчи транш тууралуу шарттарын өзгөртүңүздөр. Мындай эскертүүнү мурда дагы айттым эле, азыр ошону эле кайра алып келиптирсиз. Эгер 12 жылдык окууга өтпөй калсак, бизге 10 миллион доллар бербей коёт. Анда эмне болот, ара жолдо калабы? Биринчи 12 жылдык окууну мыйзамдаштырып алалы. Айылдагы мектептердин абалын карагылачы, келгиле, биринчи ошону оңдогонго акча алгыла", — деди депутат.
Ал эми аткаминер келишимде ар бир депутаттын берген сунуш-пикирлери эске алынарын билдирди.