Эскертүү! Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

ЖКККББ кызматкерлери жолдун жарымын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3 901-чакырымы) таш түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Кооптуу таштарды түшүрүү иштери бүгүн, 17-октябрда башталып, 21-октябрга чейин (аба ырайын эске албаганда) уланат.
"Бул убакта ЖКККББ кызматкерлери жолдун жарымын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турат. Ал эми транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет", — деп айтылат маалыматта.
Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.
Радио
Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды