Радио

Акпаралы уулу: балык чарбасын иштеткен ишкерлердин саны кескин өстү

Балык чарба департаментинин көлмөлөрдү паспорттоштуруу жана балык чарба реестрин жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурзамат Акпаралы уулу балык өстүрүүгө көлмөлөрдү колдонууга берүү тартиби жеңилдетилгенин айтты.
Sputnik
Балык чарба департаментинин алдында ведомстволор аралык атайын комиссия табигый көлдөрдү, суу сактагычтарды, көлмөлөрдү ачык конкурстун негизинде колдонууга берет. Ага бардык кызыкдар тараптар катышууга укугу бар. Бул тууралуу Нурзамат Акпаралы уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балык тоюттарына ташылып келүүчү кошулмалардан бажы төлөмү алынып, ишкерлерге жеңилдиктер берилди.
"Айыл чарбасында балык чарба иши артыкчылыктуу багыттардын бири болгондуктан министрлик акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурууда. Учурда балык чарбасын иштеткен ишкерлердин саны кескин өстү. Буга бир катар себептер бар. Алсак, балык өстүрүүгө көлмөлөрдү колдонууга берүү тартиби жеңилдетилген. Балык чарба департаментинин алдында ведомстволор аралык атайын комиссия табигый көлдөрдү, суу сактагычтарды, көлмөлөрдү ачык конкурстун негизинде колдонууга берет. Ага бардык жеке жана юридикалык жактар катышууга укугу бар. Балык чарбаларынын санынын өсүшү менен ЕАЭБ аймагында экспортко чыгуу потенциалыбыз жакшырып жатат", — деди Акпаралы уулу.
Ошондой эле адис Кыргызстанда балык тоютун өндүргөн чакан завод, цехтер иштеп, жергиликтүү ишкерлерге сатып жатканын кошумчалады.