Токмокто акчасын уурдаткан карыя. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Жабырланган тарап блогер жана социалдык тармактардын өкүлдөрүнөн ден соолугуна байланыштуу тынчын албашын өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Чүй ОИИББ Токмок шаарындагы мал базарда жылкы алганы келип акчасын уурдатып жиберген карыянын окуясы боюнча кошумча маалымат берди.
Эскерте кетсек, окуя 16-октябрда болгон. Жамандыкка (баласынын ашына) деп жылкы алганы келген аксакал акчасын уурдатып жибергенин байкабай калган. Карыянын кайгысына кайдыгер карабагандар ошол эле жерден 115 миң сом чогултуп беришкен. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, коомчулукта талкуу жараткан. Милиция карыянын акчасын уурдады деген кылмышкерлерге издөө жарыялаган.
Милиция аталган окуя боюнча Токмок ШИИБге жана ошол жерде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине эч ким, эч кандай маалымат жана арыз менен кайрылбаганын айтып, ага карабай социалдык тармакта тараган факт Токмок ШИИБдин электрондук маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын белгиледи.

"Текшерүү убагында акчасын уурдаткан аксалдын өздүгү аныкталды. Милиция 79 жаштагы К.М. аттуу аксакалдын үйүнө барып сүйлөшүү иштерин жүргүзгөн. Анда карыя чындап эле акчасын уурдатканын айтып арыз жазган. Арызына 16-октябрда болжол менен саат 9:00дө Токмок шаарындагы мал базардан белгисиз адамдар анын күрмөсүнүн төш чөнтөгүнөн 120 000 сомун алып кетишкенин жазган. Анын айтымында, бул каражат каза болгон уулунун ашын өткөрүү үчүн жылкы алайын деген акча болчу", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Токмок ШИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") боюнча иш козголгон.
"Коомдо резонанс жараткан кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй облустук ИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү иш алып барууда. Ошондой эле Токмок ШИИБдин өздүк курамы тарабынан күбө жана кылмышкерлерди аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул ишти ИИМдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", — деп айтылат билдирмеде.
Милиция дагы кошумча маалымат берилерин билдирип, жабырланган тарап блогер жана социалдык тармактардын өкүлдөрүнөн ден соолугуна байланыштуу тынчын албашын суранганын кошумчалаган.
Ош, Нарында терминалдарды талкалап, акчасын алышкан. Шектүүлөр кармалды