Айрым күндөрү жаан жаайт. Талас боюнча бир жумалык аба ырайы

Аймакта 18-19-октябрь күндөрү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул аптада Талас облусунда кандай аба ырайы болорун маалымдады.
15-16-октябрда жана 17-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
17-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
18-19-20-октябрда аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.
21-октябрда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Ысык-Көлдө суук түшөбү? Бир аптага карата аба ырайы