Радио

Темиров: ЖТП стартаптарды каржылаган фонд түзүүнү пландап жатат

Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров Кыргызстанда IT-продукциялардын сапаты жакшырып калганын айтты.
Sputnik
Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденттери тарабынан түшкөн кирешенин 94 пайызы IT-продукцияларын экспорттоодон түшкөн каражат түзөт. Бул тууралуу Чубак Темиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖТП стартаптарды, мамлекеттик демилгелерди, социалдык маанидеги долбоорлорду каржылаган фонд түзүүнү пландап жатат.
"Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин саны 200дөн ашты. Ушул жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы менен компаниялар 1,6 миллиард сом киреше тапты. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100 пайызга жогору. Парктын резиденттери тарабынан түшкөн кирешенин 94 пайызы IT-продукцияларын экспорттоодон түшкөн каражат түзөт. Мындан тышкары, ЖТП стартаптарды, мамлекеттик демилгелерди, социалдык маанидеги долбоорлорду каржылаган фонд түзүүнү пландап жатат. Бул кадам жаш кадрларды колдоп, дүйнөлүк рынокко чыгууга жакшы өбөлгө болот", — деди Темиров.
Ошондой эле адис "Жогорку технологиялар паркы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө муктаждык жок экендигин кошумчалады.