Тоого эс алууга чыгышкан. Ысык-Көлдө Россиянын эки жараны изделүүдө

Бүгүн да издөө иштери уланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө Россиянын эки жараны изделип жатканын ӨКМден кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча, чет элдиктер кечээ, 15-октябрда, Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга кеткен бойдон байланышка чыгышкан эмес.
"ӨКМдин куткаруучулары көрсөтүлгөн жерден аларды тапкан жок. Бүгүн да издөө иштери уланып, үч куткаруучу жерине чыгып кетти", — деп жазылат кабарда.
ӨКМ издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.
Кыргызстанга инвестиция жасайм деп... Эл аралык издөөдөгү кореялык кармалды