БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россиянын Белгород облусунун Батыш аскер округунун полигонуна террорчулар кол салып, 11 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.
Теракт Украинадагы атайын операцияга катышууга чакырылган ыктыярчыларды ок атууга үйрөтүп жаткан маалда болгон.
Кылмышкерлерге каршы ок атылып, алар жок кылынган. Жарадар болгон 15 киши ооруканага жаткырылган. Террорчулар КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жарандары экени айтылды.