Нарында кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы күндүз 12...17 градус болсо, түнкүсүн -2 градуска чейин төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Келерки аптада Нарында жамгыр жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн-эртең Теңир-Тоо жеринде жаан-чачын күтүлбөйт.
18-октябрдан тарта күндүн көзү бузулуп жамгыр, бийик тоолуу жерлеринде кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүз 12...17 градус болсо, түнкүсүн -2 градуска чейин төмөндөйт. 19-октябрдан тарта күн ачылып, 22-октябрга чейин жамгыр жаабай турганы айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Айрым күндөрү жаан жаайт. Талас боюнча бир жумалык аба ырайы