Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев НАТОнун Украинадагы жаңжалга аралашып жатканын моюнга алды

Украинадагы атайын операция Россияга "НАТОнун армиясы жана техникасы менен согушуу тажрыйбасын берип жатканы" айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Украинада Россиянын армиясына аныгында НАТОнун Куралдуу күчтөрү каршылык көрсөтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьери Ольга Стефанишина Newsweek басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал белгилегендей, Москва "демократиялык дүйнө" көрсөткөн чечкинсиздигинен улам күчтөнүүдө. Вице-премьердин айтымында, Украинадагы атайын операция Россияга "НАТОнун армиясы жана техникасы менен согушуу тажрыйбасын берет".
Стефанишина Москва "кандайдыр бир аскердик коркунуч жарата турган болсо" Киев тынчтыктан баш тартаарын белгилеген.
Октябрдын башында президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев диалогдон баш тарткандыктан Украина боюнча эч кандай макулдашуу мүмкүн болбой жатканын, сүйлөшүүлөр үчүн эки тараптын катышуусу зарыл экенин белгилеген. ТИМ башчысы Сергей Лавров Батыш Украинага узак аралыкка атуучу курал-жаракты көп жөнөтүп жаткандыктан атайын операциянын географиялык сызыгы артка жылып баратканын айткан болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жеңилсе НАТО дагы уттурарын айткан Столтенбергге Медведев жооп берди