Германияда азык-түлүктүн кымбатташына нааразы эл митингге чыкты. Видео

Акцияга "Германия үчүн альтернатива" жана "Солчулдар" партиясынын мүчөлөрү катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Германиянын Саксония федералдык штатынын ири шаары Лейпцигде азык-түлүктүн жана энергиянын кымбатташына каршы митинг болуп өттү. Бул тууралуу dpa агенттиги жазды.
Акцияга миңдей адам катышкан. Көбү "Солчулдар" ("Левые") партиясынын тарапкерлери экени айтылды. Ошондой эле "Германия үчүн альтернатива" оппозициялык оңчул партиясынын шайлоочулары да тамак-аш менен жарыктын кымбатташына нааразычылыгын билдирген.
Британиялык миңдеген киши митингге чыкты. Сүрөт