Келерки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды

Жума жаңырары менен жамгыр жаашы күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Маалыматка караганда, апта башталары менен Чүйдө жамгыр, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлүүдө. Мындай аба ырайы 20-октябрга чейин созулуп, 19-октябрда Чүйдүн кээ бир райондорунда жамгыр катуу жаашы ыктымал.
20-21-22-октябрда күн ачылып, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жаан-чачын болгон күндөрү 11...16 градусту көрсөтсө, түнкүсүн 2...7 градуска чейин төмөндөйт.
Ош облусунда алдыдагы аптада аба ырайы кандай болот