БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкекте жаш аткаруучулар арасында "Орто Азия романсиадасы" аттуу VI эл аралык конкурс өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган сынак Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 20-октябрь күнү саат 11:00дө башталат.
Ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыгармачылык жогорку окуу жайлардын студенттери, адистештирилген орто окуу мекемелеринде жана музыкалык мектептерде окугандар жана орус романстарынын ышкыбоздору катышат.
Конкурс Москвада болчу "Романсиада — 2022" аттуу XXVI эл аралык сынагынын программасына киргизилген. "Орто Азия романсиадасынын" жеңүүчүлөрү декабрда Москвада өтө турган "Романсиадалар" финалына жолдомо алат.
Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Москванын "Романс үйү" жана "Гармония" орус маданий борбору Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу конкурстун медиа өнөктөшү.