Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатынан күмүш байге утту

Спортчу жалпы 389 килограмм оордукту көтөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков Азия чемпионатынан күмүш байге утту. Бул тууралуу КРдин Оор атлетика федерациясынын президенти Уланбек Молдодосов билдирди.
Чемпионат Бахрейндин Манама шаарында өтүүдө.
Бекдөөлөт 102 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Ал 173 килограммды жулкуп көтөргөн, ошондой эле 216 килограммды түртүп көтөргөн. Жалпы 389 килограмм оордукту көтөргөн.
Оор атлет Эмил Молдодосов Азия чемпионатынан күмүш медаль утту