"Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусу тандалып, анын ичинен Түп районунда пилоттук негизде башталууда. Аталган райондо 13 айылдын ичинде калкынын саны миңдин тегерегинде болуп, бюджети үч миллион сомго жетпегендери бар. Мисалы, "Күрмөнтү" цемент заводунун тегерегиндеги Ак-Булак айыл аймагы. Түптөгү 13 айыл беш айылга ирилештирилип, реформа этап менен жүргүзүлөт. Мисалы, Түп боюнча 198 муниципалдык кызматкер иштесе, алардын 80дейи кыскарышы керек. Бирок булар акырындан этап менен кыскартылат. Ал эми Ысык-Көл облусуна келсек, облус Ысык-Көл району болуп, ал үч аймакка бөлүнөт. Себеби экономикалык таканчык катары Каракол, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарлары тандалып алынды. Айрым айылдар шаарларга бириктирилет", — деди Өмүрзаков.