Жапаров Түркияда адам өмүрүн алган жарылууга байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Соңку маалымат боюнча, кырсыктан 40 киши набыт болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр шахтасындагы жарылууда жумушчулардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Бартын провинциясынын Амасра районунда, көмүр шахтасындагы жарылуунун кесепетинен көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан набыт болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп телеграмма жөнөткөн.
Белгилей кетсек, Түркиянын Бартын провинциясындагы көмүр кенинде 14-октябрда кечинде жарылуу болгон. 300 метр тереңдиктеги жер алдында 115 адам иштеп жаткан болчу. Соңку маалымат боюнча, кырсыктан 40 киши набыт болду. Жумушчулардын айрымдары эвакуацияланган.
Өкмөт Чаткалда жайгашкан шахтадагы газга уулануунун себебин иликтейт