Ысык-Көлдө суук түшөбү? Бир аптага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдө бул апта жаан-чачындуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Бүгүн-эртең айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.
17-октябрдан 20-октябрга чейин кээ бир аймактарда жаан жаайт.
21-октябрь жаан-чачынсыз болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу