Автоунааларга видеобайкоо сөзсүз орнотулсун. ИИМ мыйзам долбоорун алып чыкты

Жазында өкмөт башчы укуктук норманы даярдоого тапшырма берген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги кыргызстандык айдоочуларды автоунааларына видеобайкоо орнотууну милдеттендирген мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Министрликке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун даярдоо тууралуу апрель айында тапшырма берген болчу. Жарым жылдан кийин документ коомдук талкууга коюлду.
Сунушталган долбоордо автокөлүктөргө коюлган видеобайкоолор жол кырсыгы учурунда талашты чечүүгө жардам берип, айдоочуларды тартипке салары белгиленген.
Эгер мыйзам кабыл алынып калса, 2025-жылдан тарта коюу милдеттендирилет. Ага чейин айдоочулар камераларды шашпай сатып алышына мүмкүнчүлүк түзүү каралган.
Жол эрежеси: арзандатылган айып пулдун мөөнөтүн узартып, туумду жоюу сунушталды