БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Түркиянын түндүгүндөгү Бартын аймагына жакын шахтада жарылуу болуп, 28 киши көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
11 адам ооруканага жаткырылды. Жарылуу 14-октябрда кечке жуук 300 метр тереңдикте болгон. Маалыматтарда жер астында 115 жумушчу иштеп жатканы айтылды.