Түркия: жарылуудан көз жумгандардын саны 40ка чамалап, Эрдоган ал аймакка кетти. Сүрөт

Адам өмүрүн алган кырсык 14-октябрда Түркиянын Бартын провинциясында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Түркиянын түндүгүндөгү Бартын аймагына жакын шахтада жарылуудан көз жумгандардын саны кыркка жетти, өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган кырсык болгон аймакка кетти. Бул тууралуу Sputnik Түркия жазды.
1 / 5

Түркиянын түндүгүндөгү Бартын аймагына жакын шахтада жарылуудан көз жумгандардын саны кыркка жетти, өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган кырсык болгон аймакка кетти

2 / 5

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу шахтадагы жарылуудан көз жумгандардын саны кыркка жеткендигин билдирди

3 / 5

Жарылуу 14-октябрда кечинде Түркиянын Бартын провинциясында болгон

4 / 5

300 метр тереңдиктеги жер алдында 115 адам иштеп жаткан

5 / 5

Жумушчулардын айрымдары эвакуацияланган

"Укук коргоо органдары жүрөгүбүздү ооруткан бул кайгылуу окуянын себептерин иликтейт. Бир да шалаакылык жоопсуз калбайт. Мен Бартынга барам, ошол жердеги бардык иштерге катышам", — деп жазган Эрдоган Твиттердеги баракчасына.
Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу шахтадагы жарылуудан көз жумгандардын саны кыркка жеткендигин билдирди.
Жарылуу 14-октябрда кечинде Түркиянын Бартын провинциясында болгон. 300 метр тереңдиктеги жер алдында 115 адам иштеп жаткан. Жумушчулардын айрымдары эвакуацияланган.
Түркияда шахтада жарылуу болуп, каза болгондордун саны 28ге жетти